Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүүдө


Бүгүн, 1-ноябрда Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. 125 мандат үчүн 767 талапкер ат салышууда.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жалпысынан 66 миң байкоочу катталган. Бирок алардын арасында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун өкүлдөрү жок.

Айрым жергиликтүү уюмдар exit-poll сурамжылоо жүргүзүүдө.

Бул жолку шайлоо жараянына оппозициялык талапкерлер катышкан жок. Алгач "Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши" уюму эркин жана акыйкат шайлоо атмосферасы жоктугун айтып жарыштан чыгып кеткен. Көп өтпөй ушул эле себепти атап шайлоодон "Мусават" партиясы менен NİDA кыймылы баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG