Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Түркияда кезексиз парламенттик шайлоо башталды


Бүгүн Түркияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 партия жана 21 эркин талапкер катышууда.

Быйыл 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган 2001-жылы негиздеген Адилеттик жана өнүгүү партиясы жетиштүү добуш ала албай, көпчүлүк түзүү укугунан ажыраган. Натыйжада уткан партиялардын бири да коалициялык көпчүлүктү кура албай, ал чакырылыш таратылгандан кийин кезексиз шайлоо жарыяланган болчу.

Бүгүнкү өнөктүк өлкө экономикасын алсыраткан коопсуздук маселелери, ички саясий пикир келишпестиктер жана коңшу Сирияда абал курчуп турган кезде өтүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG