Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Кыргызстан Орусияга көңүл айтты


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариев Орусия жетекчилигине жана элине, кырсыктын курмандыгы болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

Ишемби күнү эртең менен Египетте бул өлкөгө караштуу Синай жарым аралынан Санкт-Петербургга учуп бараткан орусиялык Airbus А-321 лайнери кулап, ичиндеги 224 адамдын баары, анын ичинде 25 бала мерт кетти.

Маалымат агенттиктеринин жазышынча, бул орус авиациясынын тарыхындагы эң ири кырсык болду.

Бүгүн Орусияда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Мерт кеткендердин көбү питерликтер болгондуктан, Санкт-Петербургда аза күтүү дагы уланышы мүмкүн экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG