Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Египет: Орус учагы жардырылган же атып түшүрүлгөн деген далил жок


Египетте кыйраган орусиялык учактын атайын атып түшүрүлгөнүн же жардырылганын тастыктоочу далилдер азырынча жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары кабарлоодо.

Ишемби күнү эртең менен Египетте бул өлкөгө караштуу Синай жарым аралынан Санкт-Петербургга учуп бараткан орусиялык Airbus А-321 лайнери кулап, ичиндеги 224 адамдын баары, анын ичинде 25 бала мерт кетти.

Окуя болор замат орусиялык учакты Синайдагы исламчыл экстремисттер атып түшүрдү деген маалымат чыккан, бирок бул версияны Орусия бийлиги четке кагууда. 30-сентябрдан тарта Орусия Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы абадан сокку уруп жатат.

Бүгүн Орусияда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Мерт кеткендердин көбү питерликтер болгондуктан, Санкт-Петербургда аза күтүү дагы уланышы мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG