Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Жол тосуу аракети болгон Чалдыбар айылында абал тынч


Чүйдүн Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылында ушу тапта абал тынч. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 31-октябрь, ишемби кечинде айылда бир нече адам унаалары менен автотрассаны бууганга аракет кылган. Алар жергиликтүү тургундардын бири, 21 жаштагы жигит милициянын сурагынан кийин үйүнө келип асынып өлгөнүн жана бул окуяга бийликтин көңүлүн бурдурууну аракет кылып жатканын айтышкан.

Чүй облустук милициясынын кабарлашынча, учурда окуя боюнча жеке коопсуздук башкармалыгы териштирүү жүргүзүп жатат, трассанын буулушуна жол берилген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG