Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

«Ислам мамлекетинин» согушкерлери Сириянын Махин шаарын басып алышты


«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлери жекшембиде Сириянын Хомс провинциясындагы Махин шаарын ээлеп алышты. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарынын абалына көз салган борбордун маалыматына караганда өкмөттүк күчтөр менен куралдуу исламчылардын катуу кармашынан кийин шаар согушкерлердин колуна өткөн. Кеминде 50 аскер курман болду. Жекшемби күнү көбүнчө христиандар жашаган Садад шаарынын чекесинде дагы куралдуу топтун мүчөлөрү менен кармаш болду.

Согушкерлердин «Ал-Баян» радиосунун кабарлаганы боюнча исламчыл күчтөр Махинде бир топ курал-жаракка ээ болушту. Махин шаары Хомс менен баш калаа Дамаскты бириктирген жолдон 25 чакырым алыс турат.

Сентябрь айынын соңунда Орусия "Ислам мамлекети» тобунун согушкерлерине каршы абадан аскерий операция баштаган. Батыш Москва аба соккуларын куралдуу исламчыларга эмес, Сириянын президенти Башар Ассаддын режимине каршы күрөшкөн оппозициялык топторго багыттады деп сындаса, орус бийликтери аны четке кагууда.

XS
SM
MD
LG