Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Түркияда президент Режеп Тайип Эрдогандын партиясы жеңишке жетишти


Жекшемби күнү Түркияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 97% саналып, анын жыйынтыгы боюнча “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы 49.4% добушка ээ болду. Бул 550 орундуу парламентте 315 мандатка ээ болуп, бир партиялуу өкмөт түзүүгө жетиштүү. Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давудоглу шайлоонун жыйынтыгын кубаттап, аны жеңиш деп баалады. Күрттөргө ыкташкан НДП партиясы 10% босогодон өтүп, бирок июнь айындагы көрсөткүчтөн төмөн болду. Анда алар 13% добуш алган эле. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 1-ноябрда Диарбакыр шаарында полиция кызматкерлерин таш бараңга алып, таштандылар салынган челектерди күйгүзүштү. Диарбакырда көбүнчө күрттөр жашайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG