Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Аксыда бала бакча курган жумушчулар маянасын ала албай жатышат


Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кызыл-Капчыгай айылында былтыркы жылы 60 орундуу бала бакчанын имаратын курган жумушчулар айлык маянасын азыркыга чейин толук ала элек. Бул тууралуу куруучулардын иш башкаруучусу Баатыр Базарбаев "Азаттыкка" билдирди.

- Бакчанын курулуш иштери 2014-жылдын июнь айында башталган. 90% жумуштар бүтүп калганда имаратты куруп жаткан “МК строй" компаниясынын башчысы кырсыкка учурап каза болгон. Андан соң компаниянын банктагы эсебинде турган каражатты маркумдун жардамчысы кайрадан айыл өкмөт башчысына колмо-кол алып берип коет. Ошол себептүү карапайым куруучулар акыларын ушул күнгө чейин ала алышпай келатышат, - дейт Базарбаев.

Бул багытта алар Жерге-Тал айылдык округунун башчысын акчаны кайтарбай жатат деп күнөөлөп келишет.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев жумушчулардын айткандарын четке кагып, алар менен жергиликтүү бийлик эч кандай келишим түзбөгөнүн билдирди. Ошондуктан алар компания менен соттошууга туура келерин айтат. (RsK)

XS
SM
MD
LG