Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Мамлекеттик кызматкерге берилчү белек баасы мыйзам менен чектелет


Өкмөт аппаратынын Коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, “Кызыкчылыктар кагылышына” байланыштуу мыйзам долбоор иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Мыйзам долбоор жемкорлукту кыскартуу, кызматтагы тууганчылык, жердешчилик деген көрүнүштөрдү жоюуга багытталган. Муну менен катар мамлекеттик кызматкерлерге ар кандай формада берилчү белек-бечкектин баасы мыйзам түрүндө чектелет.

- Бир топ мыйзамда буга байланыштуу беренелер бар, бирок чачыранды болуп калган. Мындай мыйзамдар Грузия, Латвия, Литва жана башка өлкөлөрдө да бар. Дүйнөлүк тажрыйбаны карап, серепчилер менен талкуулаганбыз. Мисалы, Америкада 20 долларга чейин белек түрүндө алса болот экен. Бизде миң сом деп чектелген. Андан ашыгы пара болуп эсептелет.

Кыргызстанда мамлекеттик жетекчи же аткаминерлердин тоюнда ири суммада буюм белек кылган, ичик жапкан учурлар кездешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG