Чүйдүн Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылындагы жол тосуу аракети боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 31-октябрь, ишемби кечинде айылда бир нече адам унаалары менен автотрассаны бууганга аракет кылган. Алар жергиликтүү тургун, 21 жаштагы жигит милициянын сурагынан кийин үйүнө келип асынып өлгөнүн жана бул окуяга милициянын тиешеси бар экенин айтышкан. Ошондой эле бийликтин көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатканын белгилешкен. Окуя маалында эки милиция кызматкери жабыркаган.
Милициянын маалыматында, К.Р. аттуу жигит өлөр күнү аялы менен урушуп үйүнөн чыгып кеткен. Эртең менен аны кайненеси короодо асынып турган жеринен тапкан. Аны 2015-жылдын 3-августунда райондук милиция кызматкерлери баңгизат колдонгон деген шек менен кармап, кайра койо берген. (КЕ)