Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кайыпов Бишкек-Торугарт жолунун курулушундагы кемчиликтерди сынга алды


Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек -Торугарт унаа жолунун 272-365 чакырымында жасалып жаткан реабилитациялык иштердин жүрүшү менен таанышты. Жолду оңдоодо иш алып барып жаткан «Копри Синогидро» компаниянысынын өкүлдөрү менен жолугушууда аткарылып жаткан иштерди сапатсыз экенин айтып, иштин белгиленген мөөнөттө бүткөрүлбөй жаткандыгын сынга алды.

Ошондой эле Кайыпов кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча иш аткаруучу компанияга үч күн убакыт берип, болбосо фирманын ишмердүүлүгүн токтотуу маселесин коюларын белгиледи.

Узундугу 500 чакырымдан ашкан Бишкек - Нарын - Торугарт жолун донор уюмдарын каражатына Кытайдын бир нече компаниясы курууда. Жолдогу курулуш 2010-жылдын жаз айында башталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG