Бул тууралуу экономика министрлигинин Нарын облустук бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын облусунда жыл башынан бери 1126,8 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү тоо-кен казуу, кайра иштетүү жана энергетика өнөр жайы болуп эсептелинет.
Ошондой эле Нарында 418 миң тоннадан ашык көмүр казылган, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 23,7 % көп, тактап айтканда, быйыл 80 336 тоннага көп көмүр казылып алынган. (MiK)