Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Эрдоган бүт дүйнөнү Түркиядагы шайлоонун жыйынтыгын сыйлоого чакырды


Түркия -- АК партиянын жактоочулары. Анкара, 2-ноябрь, 2015
Түркия -- АК партиянын жактоочулары. Анкара, 2-ноябрь, 2015

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган бүт дүйнөнү жекшембидеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгын сыйлоого чакырды. Өлкөдө кечээки шайлоодо "Адилеттик жана өнүгүү" (АК) партиясы 50 пайызга жакын добуш менен жеңишке жетип, парламенттеги башкаруучу коалиция макамын кайтарып алды.

"Эл туруктуулукту тандады, биз бирдиктүү болушубуз керек, баарыбыз бир Түркия бололу", - деп билдирди Эрдоган бүгүн Стамбулда сүйлөп жатып.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы 50 пайызга жакын добуш менен түрк парламентиндеги 550 орундун 315ин ээледи. Бул партия өзү өкмөттү түзө алат дегенди билдирет.

Бул шайлоодо Элдик-демократиялык күртчүл партия он пайыздык босогодон өтүп, бирок июнь айындагы көрсөткүчкө жетпеди. Анда бул партия 13% добуш алган эле.

Беш ай мурда - 7-июндагы добуш берүүдө башкаруучу АК партия 2002-жылдан бери биринчи ирет парламенттеги көпчүлүк мандатын жоготуп, бирок башка партиялар менен коалициялык өкмөт кура албаган соң мөөнөтсүз шайлоо жарыяланган.

XS
SM
MD
LG