Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

ЖК: коалиция төрт фракциядан куралды


Бүгүн парламентте төрт фракция лидерлери коалициялык келишимге кол койду. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары кирди. Анын лидери болуп Чыныбай Турсунбеков шайланды.

Алдын-ала сүйлөшүүлөргө ылайык, ЖК төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги сунушталууда. Ал эми өкмөт башчы кызматында Темир Сариевдин калары айтылууда.

Бүгүн премьер-министр талапкерлиги боюнча жыйынтык чечимди кабыл алуу үчүн Сариев парламентке чакыртылган. КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүк парламенттин жана өкмөттүн структурасын өзгөртөрүн, бир топ кыскартуулар болорун “Азаттыкка” билдирген.

Парламенттик шайлоодо 6 партия жеңишке жетишкен. Алар - КСДП, "Республика Ата-Журт", Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен". Буга чейин “Бир бол” оппозицияда каларын жарыялаган. (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG