Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Ошто жаштар парламенти түзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык жаштар комитетинин өкүлү Улан Канат уулу билдирди. Айтымда, жаштар парламентине 16 жаштан 28 жашка чейинки 45 активист тандалып алынат. Алар бир жыл мөөнөткө дайындалышат. Айына эки жолу чогула турган жаш парламентчилер жаштар арасында ишкерликти жайылтуу, социалдык багыттарды өнүктүрүү жана эл аралык байланыштарды чыңдоо боюнча иш алып барышат. Зарыл болсо өкүлдөр мыйзам долбоорлорун жана калаа көйгөйлөрүн талкуулап, сунуш-пикирлерин Ош шаардык кеңешине сунушташат.

Орган укуктук күчкө ээ болбойт, өкүлдөр айлык албайт. Алгачкы өкүлдөрдү кабыл алуу 7-ноябрга чейин жүрөт. Долбоор ийгиликтүү уланса Ош шаардык мэриясы Жаштар парламентин бир жылдан кийин экинчи мөөнөткө да узартат.

2009-жылы да Оштогу «Адам укугу жана демократия» борбору эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу «Жаштар парламентин» түзгөн. Ага шайланган 25 жаш депутат бир жылча иштеп, тарап кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG