АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азия сапарын улантып, бүгүн Казакстанда болду. Ал Астанада президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, анда эки тараптуу мамилелер талкууланды. Казак президентинин маалымат кызматы жабык өткөн бул жолугушууда башка маселелер менен катар эки тараптуу экономикалык алака-катыш тууралуу да сөз болгонун билдирди.
Жон Керри 31-октябрда башталган Борбор Азия сапарынын алкагында буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстанда болгон. 1-ноябрда ал Өзбекстандын Самарканд шаарында аймактын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен кездешти. Анын соңунда кол коюлган биргелешкен документте коопсуздук, соода, энергетика, экология, билим берүү багыттарында кызматташуу белгиленди.
АКШ мамлекетик катчысы аймактагы сапарын эми Түркмөнстан менен Тажикстанга улантат.