Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Казакстан "Ислам мамлекетин" террордук уюм деп тааныды


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобун казак соту террордук уюмдардын катарына кошту. Өлкө башкы прокуратурасы бүгүн маалымдаганга караганда, Астананын Есил райондук соту өткөн айда ушундай чечим кабыл алган.

Казакстан буга чейин 16 диний уюмду террордук деп таанып, алардын өлкөдө ишмердик жүргүзүүсүнө тыюу салган. Алардын арасында "Чыгыш Түркстан ислам партиясы", "Өзбекстан ислам кыймылы", "Күрт элдик конгресси" "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу уюмдар бар.

Былтыр жазында Ирак менен Сириянын бир топ аймагын басып алган "Ислам мамлекети" тобун дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү террордук деп тааныган. Казакстандын да төрт жүздөй жараны аталган топтун катарында согушуу үчүн кеткени расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG