Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын Улуттук банкынын жетекчиси Кайрат Келимбетовду кызматтан бошотуп, анын ордуна 39 жаштагы Данияр Акишевди дайындоону парламентке сунуштады. Парламент 2-ноябрда президенттин сунушун дароо колдоп берди.
Кайрат Келимбетов акыркы эки жылдан бери Улуттук банкты жетектеп келаткан. Ал мезгилдин ичинде теңге бир нече жолу девальвацияга учурады.
Теңгенин курсун кармоо үчүн Казакстан банкы 1 млрд. 700 млн. доллар интервенция жасады. Август айында теңге эркин агымга коюлду. Казак валютасынын девальвациясы кыргыз сомунун кубатынын кетүүсүнө да таасирин тийгизип келатат. (AiT)