Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Депутаттык артыкчылыктарды жоюучу кыймыл жаңы демилге көтөрөт


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Депутаттык жеңилдик-артыкчыларды жоюу демилгесин көтөргөн кыймылдын мүчөсү, журналист Азамат Тынаевдин билдирүүсүнө караганда, бул багытта иштер башталды. Кыймыл мүчөлөрү эми республикада парламенттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштешин талап кыла баштайт.

Кыймылдын курамында 50дөй мүчөсү бар. Алар парламент мүчөлөрү артыкчылык менен жеңилдиктерин сактап калууга аракеттенсе, жарандардын колун топтоп, референдум аркылуу аны жокко чыгарууну көздөп жатышкан.

Бирок парламент өзүндө да жеңилдиктерди алып салуу боюнча маселе күн тартибине коюлуп, ал Жогорку Кеңештин биринчи жыйындарында каралары кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG