АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Жеймс Клэппер учакты террорчулар жардырганы тууралуу далил жок экенин, бирок андай болуш мүмкүндүгүн толук четке кагууга болбосун билдирди.
31-октябрда Мисирдин асманында Орусиянын “Когалымавиа” компаниясына таандык Аэробус-321 учагы кыйроого учурап, анын ичиндеги 224 адамдын баары набыт болгон.
Авиакомпания жетекчисинин орун басары Александр Смирнов кыйроого кабылган А321 лайнери абдан ишенимдүү болгонун айтып, учак абада бузулган деген божомолдорду четке какты:
- Учактын абада кыйроосун тушүндүрө ала турган бир гана себеп бар, ал аба лайнерине сырттан кандайдыр бир механикалык жана физикалык таасирдин болушу.
Учак Мисирдин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп келаткан. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Орусиялык жана мисирлик адистер учак кыйраган жерден кара кутуну таап, кыйроого алып келген жагдайларды иликтөөдө.
Мамлекеттер аралык авиациялык комиссиянын аткаруучу директору Виктор Сороченко учак түшкөн жерди көргөндөн кийин аэробустун калдыктары көп аянтты ээлегендиктен учак абадан эле талкаланып түшкөн деген жыйынтык чыгарууга болорун айткан.
Мисирдин Синай аралында байыр алган жоочулар учакты “Орусиянын Сириядагы аракети үчүн кыйратышканын” билдиришүүдө. Орус бийлиги учактын атылганын же жардырылганын тастыктай элек. (AiT)