Бул тууралуу Ош областтык казыятынан билдиришти. Сауд Арабстандан келген доктор Муса Шариф “Радикализм, терроризм жана экстремизмдин кесепеттери жана андан сактануунун жолдору” аттуу окууларын Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” жана Кара-Суу районундагы “Имам Ас-Сарахсий” мечитинде өткөрдү. Анын сабактарын экс-муфтий, аалым Чубак ажы Жалилов которуп берүүдө.
Муса Шариф буга чейин Баткенде, Кызыл-Кыяда жана Ноокатта лекция окуган. Ал сабактарын Жалал-Абад областында да улантат. (ErN)