Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Ошто оорукана жетекчилиги ашыкча акча короткону аныкталды


Кыргызстандагы ооруканалардын бири
Кыргызстандагы ооруканалардын бири

Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчилиги өткөн жылы айрым кызматкерлеринин айлыгын негизсиз көбөйтүп, 468 миң сомду коротуп жибергени аныкталды. Алар мындай чечимди кээ бир кызматкерлер башкаларга караганда, жакшыраак эмгектенген деген жүйөгө таянып чыгарышкан.

Иликтөөдө ушул эле оорукананын кирди-чыкты жолун оңдогон «Акмат-Курулуш» жана «Жакып-Ата» жеке менчик курулуш фирмаларына да 562 миң 300 сомдук каражат ашыкча төлөнүп берилгени такталды. Натыйжада аталган оорукананын жетекчилиги тарабынан мамлекетке 1 млн. 30,8 сом зыян келтирилген.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасын бир нече жылдан бери медицина илимдеринин доктору, профессор Шайырбек Сулайманов жетектейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG