Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, Чүй облусунда экстремисттик материалдарды сактаган жана тараткан 24 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Андан Кыргызстандын аймагында таратууга тыюу салынган, эл аралык террористтик уюмдардын бирине таандык болгон фото, видео жана башка материалдар алынды. Кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды. Учурда иликтөө-тергөө иштери жүрүүдө.
Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда укук коргоо органдарынын каттосунда 1777 киши экстремист катары турат. Алардын ичинен 1386 киши "Хизбут-Тахрир" уюмунун, калгандары башка агымдардын мүчөлөрү болуп саналат. (КЕ)