Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов билдирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Австралия өкмөтүнөн буга байланыштуу расмий кайрылуу жок экенин ырастоодо.
“Кыргыз тарап качкындар боюнча азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Себеби бизге азыркы учурда эч кандай өтүнүч келе элек. Эгер бизге расмий өтүнүчтөр келсе, эл аралык укуктук эрежелерге ылайык, мыйзам чегинде карайбыз”, - деди Сүйөркулов.
Австралия өкмөтү бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир жарым миң качкынды башка өлкөлөргө жайгаштыруу жагын караштырып жатканын "Australian" гезити өткөн жумада жазган. Папуа Жаңы Гвинея жана Науру аралдарындагы лагерлерде жайгашкан мыйзамсыз мигранттарды жайгаштыруу ыктымалдыгы бар өлкөлөрдүн арасына Кыргызстан да киргизилген. Бул маалыматты орусиялык жана башка чет элдик бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Кийинчерээк Австралиянын иммиграция жана чек араны коргоо министри Питер Даттон Кыргызстанга качкындарды жиберүү ыктымалдыгын бышыктаган да, төгүндөгөн да жок деген кабарлар чыкты. (SDz, КЕ)