Жогорку Кеңештен кабарлашкандай, министрликтердин саны 14төн 12ге кыскарат. Өкмөттүн жаңы түзүмүндө эки мекеме - Улуттук энергехолдинг жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу холдинги түзүлөт. Алдын ала талкууларга караганда, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин кызмат кылып өзгөртүү пландалууда. Ал эми Коргоо министрлигин Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитет кылып өзгөртүү каралууда. Вице-премьер-министрлик кызматтын бирөө кыскарат. Учурда алардын саны төртөө.
Бүгүн түштөн кийин премьер-министрликке талапкер, учурда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Темир Сариев фракцияларга өкмөттүн түзүмү боюнча маалымат берет.
2-ноябрда Жогорку Кеңештеги төрт фракция биригип, коалициялык көпчүлүктү түзгөн. Башкаруучу көпчүлүк премьер-министрликке Темир Сариевдин, төрагалыкка Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин сунуштоодо. (КЕ)