Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Жон Керринин иш сапары Тажикстанда уланууда


Жон Керри жана Эмомали Рахмон. Душанбе, 3-ноябрь, 2015-жыл.
Жон Керри жана Эмомали Рахмон. Душанбе, 3-ноябрь, 2015-жыл.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин Борбор Азия боюнча иш сапары бүгүн Тажикстанда уланды.

Керри Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр алдында белгилегендей, Ооганстандагы, чек арадагы коопсуздук кырдаалы, наркозаттарга, терроризмге каршы күрөшүү маселелери эки өлкөнү тең тынчсыздандырууда.

Дүйшөмбүдөн соң АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин Борбор Азиядагы иш сапары Түркмөнстанга баруу менен аяктайт.

Мунун алдында, 1-ноябрда Өзбекстанда АКШ Мамлекеттик катчысы Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан эле.

Анын соңунан кабыл алынган коммюникеде алты өлкө бир катар, анын ичинде коопсуздук багыты боюнча кызматташтыкты күчөтүү ниетин билдиришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG