Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

ЖК: фракциялар өкмөттүн жаңы түзүмүн талкуулоодо


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Ушул тапта өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрликке сунушталган Темир Сариев “Ата-Мекен” фракциясынын жыйынында өкмөттүн түзүмү боюнча маалымат берүүдө. Жыйын жабык өтүп жатат. Ишенимдүү булактардын белгилешинче, Сариев вице-премьер-министрлик кызматтын бирөөнү кыскартууну сунуштоодо. Учурда алардын саны төртөө. Социалдык тармакты караган Дамира Ниязалиеванын ордуна Гүлмира Кудайбердиеваны, экономика жакты көзөмөлдөгөн орун басарына Олег Пономаревдун, 1-вицелик орунга Аалы Карашевдин талапкерлигин сунуштоодо. Ал эми Каржы министрлигине Арзыбек Кожошев сунушталды.

Өкмөттүн жаңы түзүмүндө министрликтендин саны 14төн 12ге кыскарып, эки холдинг түзүлөт. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин кызмат кылып өзгөртүү пландалууда. Ал эми Коргоо министрлигин Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитет кылып өзгөртүү каралууда. Бүгүн бардык фракциялар өкмөт түзүмү боюнча Сариевдин маалыматын угуп бүтүшү керек. 4-ноябрда ЖК жалпы жыйында төраганы жана премьер-министрдин талапкерлигин талкуулайт. (КЕ/MTo)

XS
SM
MD
LG