Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

Атамбаев: Коргоо министрлигинин макамы өзгөрүшү керек


Президент Алмазбек Атамбаев менен Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров
Президент Алмазбек Атамбаев менен Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алган кезде билдирди. Мамлекет башчысынын пикири боюнча, аскер реформасын мындан ары ишке ашыруу максатында Коргоо министрлиги жаңы функцияларына ылайык башкача статуска ээ болушу керек. Президент Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Коргоо министрлигин ортосунда так өз ара аракеттенишүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экендигин белгилеген.

Атамбаевдин бул пикири Жогорку Кеңеште кечээ, 2-ноябрда түзүлгөн коалициялык көпчүлүк өкмөттүн түзүмүн карап жаткан учурда айтылды. Алдын ала маалыматтарда башкаруучу коалиция Коргоо министрлигин Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитет кылып өзгөртүүнү карашууда.

2-ноябрда КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракциялары парламентте көпчүлүк коалицияны түзүшкөнүн жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG