Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстандын ун өндүрүшү кыскарды


Жергиликтүү тегирменчилердин айтымында, буга коңшу Казакстандан аткезчилик жол менен ун алып өтүү күч алганы себеп болууда. Ошондуктан алар чек арада аткезчиликке каршы көзөмөлдү күчөтүүнү суранып жатышат.

Кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр ай сайын орто эсеп менен 15 миң тонна ун чыгарышат. Мурдагы өкмөттүн тушунда Казакстандан алып келинчү унга кошумча төлөм киргизилгенден кийин өндүрүш дээрлик эки эсе өскөн. Бул тууралуу Кыргызстандагы Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Баатыр Төрөбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, жыл башынан бери Кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр кошумча нарк салыгынан тышкары мамлекеттик бюджетке 400 млн. сом салык төккөн, ал эми кошумча нарк салыгынын суммасы 800 млн. сомду түзгөн. Учурда Казакстандан ун аткезчилигинин күч алуусу менен Кыргызстандын бюджети бул кирешеден кур калуу коркунучунда турат. Себеби ушул тапта тегирмендердин баарынын кампаларында ун өтпөй, өндүрүш дээрлик токтоду. Айрым ишканалар жумушчуларын акы төлөнбөөчү эмгек өргүүсүнө жиберүүгө аргасыз болушкан.

Маалымат боюнча Кыргызстанда 33 ун өндүрүүчү ишкана бар, анда 15 миңден ашуун киши эмгектенет.

Жалпы Кыргызстан бир жылда 600 миң тонна ун керектейт. Бул үчүн 800 миң тонна буудай керек болсо, анын жарымынан көбү Казакстандан апкелинет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG