Ушул тапта Бишкектеги Биринчи Май райондук соту экс-спикер Акматбек Келдибековдун ишин кароону улантууда. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү башталды. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков спикер болуп турганда парламенттин Орусиядагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарып, мамлекетке 9 млн. сом зыян алып келгендигин белгиледи. Ал эми экинчи иш - “Бизнес партнер” ишканасы боюнча күнөөсү далилденгенин, Салык кызматын башкарып турганда 2 млн. ашуун сом каражат салык катары алынбай калганы айтылды. Прокурор соттон эки ишти кошуп, Келдибековду 10 жыл эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сурады.
2013-жылы ноябрда Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибеков кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага Мамлекеттик салык кызматында, Социалдык фонддо жетекчи болуп иштегенде, кийинчерээк Жогорку Кеңеш спикери болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылган.
Келдибеков күнөөлүү эмес экенин билдирүүдө. (КЕ)