“Нокта” деп аталган журналдын эки редактору президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясынын шайлоодогу жеңиши артынан камалышты.
Басылманын "Дүйшөмбү, 2-ноябрь – Түркиядагы жарандык согуштун башталышы” деген баш сөз жана президенттин сүрөтү менен чыккан акыркы саны да конфискацияланды.
Журнал редакторлорун камаардан мурда, өткөн аптада түрк бийликтери Эрдогандын саясатына карата сынчыл турумду карманган медиатоптун кеңселерине рейд жасап, эки телеканалды ободон алган болчу.
Оппоненттери президент Эрдоганды жана анын өкмөттүн прессага кысым көргөзүп, басма сөз эркиндигин чектеп жатканы үчүн утур-утур сындап келишет. Президенттин АК партиясы 1-ноябрдагы кезексиз шайлоонун натыйжасында добуштардын дээрлик 50% алып, өкмөттү жеке өзү куроо укугуна ээ болду. (UE)