Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

АКШ мамлекеттик катчысы Түркмөнстанга барды


Гурбангулы Бердымухаммедов жана Жон Керри. Ашхабад, 3-ноябрь, 2015-жыл.
Гурбангулы Бердымухаммедов жана Жон Керри. Ашхабад, 3-ноябрь, 2015-жыл.

Жон Керринин Борбор Азия боюнча сапары бүгүн Түркмөнстанда, анын алдында Тажикстанда уланды.

АКШ мамлекеттик катчысы Душанбеде тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдөн соң билдиргендей, Кошмо Штаттар Тажикстан жана башка өлкөлөр менен чек ара коопсуздугун чыңдоо үстүндө иштөөнү көздөйт.

Чек ара коопсуздугу дегенде Тажикстандын Ооганстан менен чек арасы эске алынып жатат.

Керринин айтымында, ал Душанбеде тажик президенти менен Тажикстанды электр кубаты менен камсыздоону жакшыртуу жолдорун да талкуулады.

АКШнын азыркы мамлекеттик катчысынын Борбор Азиядагы алгачкы сапары бүгүн Түркмөнстанда аяктоодо.

Мунун алдында, 1-ноябрда Өзбекстанда Жон Керри Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан.

Анын соңунан кабыл алынган коммюникеде алты өлкө бир катар, анын ичинде коопсуздук багыты боюнча кызматташтыкты күчөтүү ниетин билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG