Бүгүн Жогорку Кеңештин коалиция түзгөн фракцияларында макулдашылгандай, өкмөт төмөнкүдөй курамда сунуш кылынууда:
Темир Сариев – премьер-министр,
Аалы Карашев – биринчи вице-премьер-министр,
Олег Панкратов - экономикалык маселелер боюнча вице-премьер,
Гүлмира Кудайбердиева - социалдык маселелер боюнча вице-премьер,
Арзыбек Кожошев – экономика, өнөр жай министри,
Мелис Турганбаев – ички иштер министри,
Жылдыз Мамбеталиева - юстиция министри,
Адылбек Касымалиев – каржы министри,
Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри,
Кудайберген Базарбаев – социалдык өнүгүү министри,
Элвира Сариев – билим берүү министри,
Алтынбек Максүтов – маданият, маалымат, туризм министри,
Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри,
Аргынбек Малабаев – транспорт, коммуникация министри,
Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри,
Турдуназир Бекбоев – айыл чарба министри,
Бусурманкул Табалдиев – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет төрагасы.
Жаңы өкмөттүн түзүмүндө министрликтер саны 14төн 12ге кыскарууда. Коргоо министрлиги мамлекеттик комитетке айландырылып жатат. Коргонуу иштери боюнча комитет төрагасына талапкер көргөзүү Конституция боюнча президенттин ыйгарым укугу. (UE)