Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Бүгүн Данияр Нарынбаевге байланыштуу соттук териштирүү уланат


Бул күнү тараптар сөз сүйлөөгө өтүшөт. 30-октябрдагы сотто Данияр Нарынбаевдин адвокаттары сөз сүйлөөгө даярдык көрүш үчүн убакыт сурап, ал сот тарабынан канааттандырылган.

Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарынбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши каралып жатат.

Алар абактагы Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан пара алган деп айыпталып жатат. Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, бул ишке Нарынбаевдин тиешеси бар экенин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG