Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Төкмө акын Рахматулла Козукеевдин 60 жылдыгы белгиленет


Төкмө акындын мааракеси 6-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук “Курманбек” атындагы стадиондо өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынан “Азаттыкка” билдирди. Иш чара концерттик программа менен коштолуп, республикалык белгилүү төкмө акындардын айтышы менен уланат.

Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын ээси Рахматулла Козукеев 1955-жылы Аксынын Кызыл-Жар айылында туулган. Быйылкы жылы ЭлТР телеканалы менен республикалык «Айтыш» коому биргеликте уюштурган төкмө акындар арасындагы теле сынагынын жеңүүчүсү жана «Алтын комуз» сыйлыгынын ээси. Учурда Козукеев маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы координатору кызматын аркалайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG