Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин 114 депутат колдоду. Төртөө каршы болду. Парламент бүгүнкү отурумунда төраганын шайланышы боюнча токтом кабыл алды.
“Кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн кызмат кылам. Ишенимиңиздерди актаганга чоң аракет жасайм”, – деди жаңы шайланган спикер.
Төрт фракциядан турган Коалициялык көпчүлүк төрагалыкка Жээнбековду көрсөткөн. Ал 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке 2011-жылдан бери, төрт жыл төрагалык кылды. Эксперттер Жээнбековду Кыргыз парламентинде эң узак мөөнөт иштеген төрага болгонун белгилеп жатышат. (КЕ)