Шаардагы өзбек тилдүү мектептерде жогорку класста окуган окуучулар арасында медресеге каттагандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу №7 Алым Осмон атындагы мектептин директору Махидил Исакова “Азаттыкка” билдирди.
“Быйыл 9-классты бүткөн 20га жакын окуучу мектепти таштап медресеге кетип калышты. Алардын көпчүлүгү кыздар. Бой жеткен балдар-кыздарды мектепте кармап окутуу бизге аябай кыйынчылыктарды жаратууда. Айрыкча сабакты жакшы окуган окуучулар кетип жатат. Буга кандайдыр бир чек койсо жакшы болмок,” – деди Исакова.
Шаарда 20 мектептин тогузу - өзбек тилдүү мектептер. Жалпысынан аларда 20 миңге чукул окуучу билим алат. (RsK)