Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда мыйзамсыз алтын казып иштеген ишкана аныкталды. УКМКнын маалыматына караганда, ишкана 2012-жылдан бери “Кара-Суу” алтын кениндеги Кара-Тыт аймагында мыйзамсыз иштеп келген.
Бул убакыт аралыгында компания 18,73 килограмм алтын казган. Бирок тиешелүү мекемелерге туура эмес, жалган отчет берип келген. Натыйжада 2 млн. 732 миң сомдон ашуун каражат салык катары төлөнгөн эмес. Ал эми жерди бузгандыгы үчүн зыяндын суммасы 234 миң сомго жакын деп бааланды.
Бул факты боюнча төрт берененин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда. (КЕ)