Ушул тапта премьер-министрликке талапкер өкмөттүн түзүмү жана курамы боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берүүдө. Ал өкмөт ишинин туруктуулугу үчүн көп өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи. Биринчи вице-премьер-министрликке Аалы Карашев сунушталууда. Ал коопсуздук, чек ара маселелерин чогуу көзөмөлдөй тургандыгы айтылды. Социалдык тармак боюнча вице-премьерликке Гүлмира Кудайбердиева, экономика тармагын тейлеген өкмөттүн орун басарлыгына Олег Панкратовдун талапкерлиги берилди. Арзыбек Кожошев Экономика жана өнөр жай министрлигине, Турдуназир Бекбоев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине сунушталууда. Калган министрлер ордунда калары айтылууда.
Министрликтердин саны 14төн 12ге кыскарууда. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызмат болуп өзгөрүп, анын айрым функциялары Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлөт. Ал эми Коргоо министрлиги комитетке айланып, анын төрагасы президент тарабынан дайындалат. Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна Улуттук энергохолдинг түзүлөт. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да холдинг болуп өзгөрөт. (КЕ)