Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Казакстан менен Британия 4,6 миллиард доллардык келишим түзүштү


Дэвид Кэмерон жана Нурсултан Назарбаев. Лондон, 3-ноябрь, 2015-жыл.
Дэвид Кэмерон жана Нурсултан Назарбаев. Лондон, 3-ноябрь, 2015-жыл.

Эки өлкө ортосунда акчалай наркы 4,6 миллиард долларга барабар жаңы соода–экономикалык келишимдерге президент Нурсултан Назарбаевдин Британиядагы сапары учурунда кол коюлду.

Назарбаев кечээ Лондондо британ премьери Дэвид Кэмерон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, бүгүн каныша Елизабет Экинчи менен да жолугат.

Британ премьери Кэмерон британ-казак келишимдери арасынан газ чыгара турган төрт заводду жана болот өндүрүүчү ишкананы атады.

Адам укугун коргоочу уюмдар казак президентинин сапарын утурлай британ өкмөтүн адам укуктарына караганда бизнес кызыкчылыктарды алдыга койгону үчүн айыпташкан эле.

Бирок, Даун Стреет премьер Назарбаев менен жолукканда адам укуктары маселесин көтөрдү деп ырастады.

Лондондон соң Назарбаев Парижге барат.

Экономикасы мунайдын кирешесине байланган Казакстан негизги соода өнөктөштөрү Кытай менен Орусиядагы солгундоодон улам Батыштан инвестиция жана технология издөө аракетин күчөткөндөй. (UE)

XS
SM
MD
LG