Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Өкмөт: ири долбоорлорго сырттан карыз алынат


Бул тууралуу өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев бүгүн парламент жыйынында билдирди. Ал ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сырттан карыз алууга туура келерин белгиледи. Алардын катарында Ысык-Көл шакекчечин курууга 400 млн. доллар керек болору айтылды.

- Негизинен биз ала турган насыялар инфраструктурага жолго, энергетика, каналдарды курууга кетет. Социалдык объектилерди өзүбүздүн каражатка салып атабыз. Айлык, күнүмдүк тиричиликтин баарын салыктын негизинде чечебиз. Мисалы, Ош шаарына жаңы аэропорт салышыбыз керек. Азыр ал “Манас” менен теңтайлашып калды. Чоң учактар коно албайт. Ири долбоорлорго карыз алабыз. Биз эч качан коммерциялык насыяларды алган жокпуз. Бардыгы узак мөөнөттүү, жеңилдетилген насыялар. Эгер биз насыя албасак, экономиканы өстүрө албайбыз.

Кыргызстандын тышкы карызын көбөйтүүгө алып келчү Сариевдин бул позициясын айрым депутаттар сынга алышты.

Учурда Кыргызстандын тышкы карызы 3,4 млрд. доллардан ашуун. (КЕ)

XS
SM
MD
LG