4.6 млрд. долларга бааланган контракттарга кол коюлгандан кийин казак президенти Нурсултан Назарбаев 4-ноябрда Улуу Британиянын пашайымы Елизавета 2-менен жолугушту.
Соода кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюудан соң британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон эки мамлекетти “өнүп-өсүүдө өнөктөш” катары көрөрүн билдирди.
Британ активисттери өкмөт ишкерлик кызыкчылыкты адам укугунан жогору коюп жатканын айтып премьер-министрдин иш-аракетин сындашты. Өз кезегинде британ өкмөтүнүн өкүлдөрү Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда адам укуктарына байланыштуу да маселе көтөрүлгөнүн билдиришти.
Британиядан кийин казак президенти Францияга сапар алат. (AiT)