Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Пакистанда фабриканын урандысында кеминде 18 киши набыт болду


Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында фабриканын чатыры урап, кеминде 18 киши каза таап, 150нүн тегерегинде киши урандыда калды. Лахор шаарынын башчысы Мохамед Усман урандылар астында калгандар көп болгондуктан өлгөндөрдүн саны көбөйөт дейт. Жарадар болгон 70тей киши 4-ноябрда ооруканаларга жеткирилди.

Пакистан маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, фабриканын имараты жакында эле болгон жер титирөөдө жарака кетип, ал кыйроого алып келди. Башкалар фабриканын курууда кемчиликтер кетирилгенин айтууда. Бийлик өкүлдөрү фабрика чатыры эмне себептен ураганын иликтөө аныктарын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG