Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында өкмөттүн программасын талкуулоо учурунда айрым депутаттар көтөрүп чыгышты. “Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев миллиарддан ашуун калкы бар Кытайда 30 миң мамлекеттик кызматкер бар экенин мисал келтирди.
Депутататтардын белгилешинче, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны ушул тапта 60 миңден ашуун. Премьер-министрликке талапкер Темир Сариев суроолорго жооп берип жатып, кескин кыскартуулар өкмөттө болбой турганын, бул иштин сапатына таасирин тийгизирерин белгилеген. (КЕ)