Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Балдарга карата кылмыштарга жазаны күчөтүү сунушталууда


Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында өкмөттүн программасын талкуулоо учурунда “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев айтып чыкты. Ал балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге мунапыс берилбеши керек, деген сунушун билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштар акыркы жылдары 10% өскөн. Статистикалык маалымат боюнча, 2011-жылы 83 факт катталса, 2014-жылы андай кылмыштар 140ка жеткен.

Көйгөйдү алдын-алуу боюнча прокуратура органдары ишти күчөтүүдө. Соңку үч айда алар жогорку окуу жайларда жаштар, студенттер менен жолугуп, балдардын укуктары, ага байланыштуу жазалар тууралуу маалымат берүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG