Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Чакиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп турган Максат Чакиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Чакиев 28-майда ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалган. Милиция бул тууралуу ишиндеги мыйзам бузууну жабыш үчүн Чакиев ушундай кадамга барган деп маалымат тараткан.

Алгач ал эки айга камалып, кийин үй камагына чыккан. Кылмыш ишке байланыштуу ал кызматынан убактылуу четтетилген болчу. Чакиев министрликте орун басарлык кызматты эки жыл аркалап, туризм багытындагы иштерди алып барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG