Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бухарестте каршылык акциялары уланууда


Бухаресттеги нааразылыктар
Бухаресттеги нааразылыктар

Кечээ Румыниянын өкмөтү Бухарестте 30-октябрда түнкү клубдардын биринде чыккан өрттөн улам толугу менен кызматтан чегинген. Бирок премьер-министр Виктор Понтанын мындай чечимине карабай, румын баш калаасында каршылык акциялары уланууда.

Демонстранттар парламенттин имаратына чейин барышып, саясий реформа жана жаңы шайлоону талап кылышууда. Мындай акциялар өлкөнүн Клуж, Тимишора жана Констанц шаарларында да болур жатат.

Бухаресттеги нааразычылык 30-октябрда түнкү клубда өрт чыгып, 30 адам мерт кеткенден кийин башталган. 20 миңге чукул атуул калктын коопсуздугу коррупциядан улам жабыркаганына нааразы болуп, саясий элитага каршы митингге чыгышкан.

Коррупция менен айыпталган Румыниянын премьер-министри Виктор Понта өз кабинети менен кызматтан чегинсе да элдин нааразылыгы токтолгон жок.

Президент Йоханнис бүгүн жаңы өкмөттү түзүү үчүн саясий партиялар менен кеңешме өткөрөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG