Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 19 жыл мурда үч адамды өлтүрүүгө шектелип издөөгө алынган жаран 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кармалды.
Ал өз шериктери менен 1996-жылы Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасында үч жашоочунун мүлкүн тартып алып, өздөрүн мыкаачылык менен өлтүрүп салышкан. Сөөктөрдү жиликтеп капка салып, каналга ыргытып жиберишкен. Ошол эле жылы кылмышка шектүү Т.Х. аттуу жаран кармалып, соттолгон. Анын шериги С.Р. аттуу жаран 19 жылдан бери качып жүргөн.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга тиешеси такталууда. (ErN)