Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Президент бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады


Президент Алмазбек Атамбаев
Президент Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн чыгарган буйругуна ылайык, Жаныбек Капаров Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Башкы штабды буга чейин жетектеп келген Асанбек Алымкожоев кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Марат Кенжесариев Коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына келди. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Ошондой эле Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп дайындалды. Буга байланыштуу буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Сегизбаев буга чейин УКМКнын орун басары кызматын аркалап келген. Ага чейин 2012-жылы маалыматтык саясат маселелери боюнча президенттин кеңешчиси болгон.

Абдил Сегизбаев буга чейин Атамбаевдин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси болуп иштеп келген. Коомчулукка 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кулатылган туңгуч президент Аскар Акаевдин акыркы маалымат катчысы катары да белгилүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG