Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Фейсбукту күн сайын ачкандардын саны миллиарддан ашты


Фейсбук социалдык тармагын бир күндө ачкан адамдардын саны 2015-жылдын сентябрь айындагы отчет боюнча 1 миллиарддан ашты. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 17 % жогору. 2014-жылы Фейсбукка бир суткада 894 миллион колдонуучу кирип турган. Быйыл социалдык тармакты уюлдук телефондон ачкандар көбөйдү.

Мындан тышкары аталган социалдык тармакка жүктөлгөн видео файлдарды көрүүнүн саны 8 миллиардга чыккан.

Компанияда айланган жалпы акчанын суммасы 4,5 млрд. доллар болуп, былтыркыдан 40 % жогору. Таза киреше 1,5 млрд. доллар болду. Фейсбуктун 1 акциясынын баасы азыр 100 доллардан жогору бааланууда.

XS
SM
MD
LG